Блог

Empty legs кызмат көрсөтүүсү менен колдонуу кандай акылга сыярлык?

Бортунда жүргүнчүлөрү жок учуулар Empty legs деп аталат. Ушундай каттамдар жеке учак бир тарапка гана, мисалы, Москвадан Ниццага брондолгондо, андан кийин артка бош кайтууга аргасыз болгондо пайда болот. Бирок жүргүнчүлөр бир нече күндөн кийин Ниццадан келүүнү кааласа, башка жүргүнчүлөр үчүн жеке учакты “түшкөн” баада (албетте, эгерде алардын саякаттоо максаттары кайтуу каттамдары менен дал келсе) ижарага алуунун эки мүмкүнчүлүгүн түзүү менен, учак кайрадан бош учууга аргасыз.

Авиаташуучулар лайнерди максималдуу пайдаланууга аракет кылышат, ошондуктан алар, өздөрүнүн кардарларынын каалоолоруна жана керектөөлөрүнө багытталган жеке учактардан айырмаланып, эч качан бортунда жүргүнчүсү жок учушпайт. Ошентип, empty legs –жетишээрлик жайылтылган тажрыйба. Анын иштик авиациянын бардык каттамдарынын үчтөн бирине жакыны бош каттамдарга туура келерин статистика тастыктап турат.

 

Empty legs кызмат көрсөтүүсү менен колдонуу кандай акылга сыярлык?

Читайте также:  Бош каттамды ижарага алуу чындыгында эле пайдалуу бүтүм болушу мүмкүнбү?

Стандарттык чартердик каттамдарга салыштырмалуу empty legs бир катар шарттарды сактоо зарылдыгы менен байланыштуу. Толук кандуу жеке учакты ижарага алуу, сиз качан учууну каалап жаткандыгыңызды өзүңүз чечүүгө мүмкүндүк берет, ал эми бош каттамда болсо, ташуучунун карамагындагы болгондор менен макуладшасыз.

Анын ордуна сиз жеке учакты кыйла төмөндөтүлгөн баа менен аласыз. Ташуучуга, мезгилге жана empty legs жалпы жеткиликтүү каттамдарына жараша учуулар, кызматтын ошол эле деңгээлин сунуштап, 75% га арзан болушу мүмкүн.

Еmpty legs каттамдарынын чектөөлөрү

Албетте, ошончолук оуттуу дисконт бүтүндөй бир катар чектөөлөр менен туш болуу дегенди түшүндүрөт. Мурда айтылгандай, сизге, барыдан мурда ташуучунун ырааттамасына ылайыкташууга туура келет, ошондуктан сиз өзүңүздүн пландарыңыздын ийкемдүүлүгүндө чектелген болосуз.

Андан башка, бош каттамдардын жеткиликтүүлүгү дайыма негизги чартердин жүргүнчүлөрүнөн көз каранды болот. Эгерде алар акыркы мүнөттөрдө кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизсе – мисалы, эртерээк же кечирээк уча турган болсо, каттамды же жеке учактын түрүн өзгөртүшөт – бул чечимдер автоматтык түрдө кайтуу каттамына да таасирин тийгизет.

Читайте также:  Empty legs деген эмне?

Эгерде алар башка каттам менен же башка убакта багыт алса, бош каттам алынып салынат же баасы ушул жагдайларга жараша туураланат. Эгерде маанилүү жолугушууга баратсаңыз empty legишенбеңиз. Бул учурда оптималдуу вариант, толук кандуу жеке учакты ижарага алуу болот.

Ошондой болсо да бош каттам, адаттагы чартерге финансылык жактан натыйжалуу атаандаш бойдон кала берет, эгерде аргасыз жагдайлар болсо, сиздин транспорттун башка түрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүңүз бар же сиз убакыттын катаал чегине байланасыз.

Сизге ылайык келген empty legs, каттамды кантип табуу керек?

Ылайыктуу бош каттамды издөөнүн кыйынчылыгы каттамдан каттамга жана мезгилден мезгилге жараша өзгөрөт. Жогорку туристтик мезгилде чартердик каттамдардын саны негизинен көбөйөт жана ылайыктуу кайтуу каттамын табуу тобокелдиги өсөт.

Читайте также:  Жеке авиациядагы бош каттамдар көп берилүүчү суроолор

Акыркы жылдарда empty leg учууларды ишке ашыруучу багытталган платформалар пайда болду, бирок жеке учактар чөйрөсүндөгү адистердин айтуусуна караганда, алдыдагы бош каттамдар жөнүндө өздөрүнүн кардарларын маалымдоочу ишеничтүү чартердик оператор же авиаташуучу менен байланышта калуу маанилүү. Ошентип, сиз ташуучунун же операторлор менен жеке байланыштардын тажрыйбалары менен пайдалана аласыз – бул эки фактор тең ачык соода аянттарында жок.

Алдыдагы empty leg бош каттамдар тууралуу маалымат алганды каалайсызбы? Cofrance SARL (TM AVIAV) компаниясынын өкүлдөрү менен байланышыңыз жана жеткиликтүү учуулар тууралуу актуалдуу берилмелерди кантип алса боло тургандыгын тактаңыз.

Шошина Ольга