Empty legs опциясын колдонуунун 10 себеби

Биз бардыгыбыз байлыкты жакшы көрөбүз, өзгөчө үнөмчүлдүктүн бийиктигин өргүү темасы көтөрөт. Чартердик операторлор, байлыктын, жайлуулуктун жана өтө элпектиктин дүйнөсүнө чөгүлүүгө мүмкүндүк берген жеке учактарды ижирага алуу жөнүндө өтө кызыгарлык сунуштарды жарыялап, үй-бүлөнүн бюджетине сокку катары өзүнүн салымын киригизет. Бирок ар бирибиз эле, күчтүүлөрдүн жашоосуна катышууну сезүү үчүн жеке учактарды ижирага алууга же сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Тилекке каршы ал көптөгөн саякатчыларды, коммерциялык авиалиниялардын учактарына билеттер алардын тагдыры деген ойдо калтырат.  Бирок сиз өзүңүздү, дүйнө жүзү боюнча жүргөндө ылдамдыкты жакшы көргөн, жана рынокто сунуш кылынган  варианттардын эксклюзивдүүлүгүн баалаган адамдардын катарына киргизсеңиз,  анда сизди эң жакшы жаңылыктар күтүп жатат. Бош каттамды ижарага алуу эки дүйнөнүн мыкты опциялары менен ыракаттанууга мүмкүндүк берет. Биз бүгүн empty legs схемасынын жардамы менен байлык дүйнөсүнө кадам жасоонун 10 фантастикалык себептери жөнүндө айтып беребиз.

Келгиле, дагы эле биле электерге, empty legs деген түшүнүктүн артында эмне жаткандыгын түшүндүрөлү?

Empty Legs with Aviav TM

Empty legs – бул бортунда жүргүнчүлөрү жана жүктөрү жок учууну белгилөөчү авиациялык термин. Чартердик учуп баруулардын сегментинде бул адатта бош каттамга кирет, б.а. жеке учак расмий ижарага алынган каттамдан кайтат.

Эксперттик ресурстардын көпчүлүгү жеке учакты ижарага алуунун баасын учуунун  бир саатына $1500 дөн 3000 чейин деп баалашат. Эл аралык учуп келүүлөрдө бул чен бажы жана жек аралык кыйынчылыктардын себебинен жогору болушу мүмкүн. Эгерде учуудан башка сизге кошумча кызмат көрсөтүүлөр, мисалы, кызыл икра менен бутерброддор же өздүк автоунаа менен учактык тарапка түз келип токтоо мүмкүнчүлүгү талап кылынса, анда баалык жогору көтөрүлүүнү улантат. Албетте, доллардык миллиардерлерге жыйынтык сумма анча чоң эмес көрүнөт, бирок кээде “жөнөкөй” миллионерлерге жана бизнес-класс менен учууга көнгөндөргө чыгымдар сезилет. Аларга, чартердик операторлор жакшы эле жеңилдиктерди сунуш кылуучу,  учуп баруулардын  empty leg схемасы жардамга келет. Бул кадамдын себеби жөнөкөй: ал акча жоготкондун ордуна кошумча киреше алууга жардам берет.

Бул атап айтканда, негизги себепке empty leg ижарага алууну артык көрүүгө алып келет.

Жекече учууларга мыкты баалар

Барынан мурда, бош каттамды ижарага алуунун эң мыкты себеби, адатта экстремалдуу кымбат турган нерсеге укмуштуудай төмөн бааларды колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Чартердик операторлор кайтууга же бош каттамдарына бааларды төмөндөтүп жатканда, джетти стандарттык ижарага алууга салыштырганда баалык кээде 80-90% га чейин түшөт.  Бул  жеке учактын жүргүнчүсү деген артыкчылыкты өзүңүзгө калтыруу менен каражатты үнөмдөөнүн фантастикалык ыкмасы.

Британия The Guardian басылмаларынын биринде,  ташуучу  empty-leg  бааны эстен тандыраарлык $17 500 ордуна $330 чейин төмөндөткөндө, бардык кошумча төлөөлөрдү жана комиссияларды эске алганда $17 000 ашкандыгы мисалга келтирилген.

Топ менен учууларда укмуштуудай үнөмдөө

Чартердик учуулардагы чоң үнөмдөө, бирге пайдалануу үчүн жеке учакты ижарага алышкан топтор үчүн эбегейсиз үнөмдөөнү билдирет. Эгерде авиаташуучу 80% чейинки жеңилдикти сунуштаса,  анда дисконт адатта бүткүл каттамга берилет. Empty leg ижарага алган топтор, жыйынтыгында жеке учакта учууда үзгүлтүксүз коммерциялык авиакомпаниянын каттамынын билетинен арзан боло турган жеңилдиктерди жана бонустарды алууларына ишенсе болот.

Бардык үй-бүлөсү менен эс алууга жөнөп жаткандарга, үнөмдөө мүмкүнчүлүгүнүн дайыма мааниси чоң болот. Бардык жүргүнчүлөрдүн чыгымдарын абстрактуу түрдө бөлүштүрсө болот жана жеке учак чындыгында эле коммерциялык учуулардын чыгымдарына салыштырыла турган болуп калат. Жогоруда келтирилген мисалды пайдаланып, дем алууга жөнөп жаткан төрт дос чыгымдарды өз ара бөлүшүрсө болот, ар биринин салымы  болжолу менен $83 түзөт – бул баш тартууга кыйын боло турган сунуш.

Бир өңүттү эске алуу зарыл: учакта канчалык отургузуучу орун көп болсо, чартер ошончолук кымбат болот. Керек болсо чоң джетке болгон жеңилдик сезилээрлик болушу мүмкүн, бирок жыйынтык баасы сиздин керектөөңүзгө, каттамыңызга жана өзгөчө шарттарга (бортто тамактануу же татаал климаттык шарттар зонасына учуу) жараша болот.

Абада азыраак убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү

Чартердик каттамдар экспресс-каттамга окшош иштешет: алар аралык токтоолорду, эгерде аларга өзгөчө себептер (мисалы, толтуруу, техникалык тейлөө, ашыкча суу, жүргүнчүлөдү отургузуу ж.б.) болбосо жасашпайт. Бул сиз үчүн, жүргүнчү катары эмнени билдирет, бул болсо көздөгөн жерге жетүү үчүн эң аз убакыт жумшаарыңызды билдирет.

Өтө кичинекей же өтө чоң аралыктарга учкан ишкер адамдар жана саякатчылар үчүн, бул артыкчылык учуу убакытын (кээде бир нече саатка) бир топ кыскарта алат.   Сиз көздөгөн жериңизде же эс алууда көбүрөөк убакыт болуп, жана аэропортторго же абада азыраак убакыт жоготосуз.

Узун кезектер жок

Эл аралык каттамга жөнөп жатасызбы? Эгерде сиз жеке учакта чек арадан өтүп жатсаңыз да, көпчүлүк чет элдик мамлекеттерге мыйзамдуу киргенге чейин эле, бажы жана коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен иштешүүгө туура келет.  Узун кезектерде туруп, сиздин кезек келгенге чейин, коопсуздук кызматынын сканери аркылуу өтүп,  күтүүнүн ордуна сиз көпчүлүк аба булуңдарында боло турган жеке учактардын жүргүнчүлөрү үчүн арналган өзүнчө зонага өтсөңүз болот.

Сиз кезекте туруп кетирген так убакыт, аэропортто канча адам күтүп жаткандыгынан эмес,  ушул каттам менен учуп кеткен жүргүнчүлөдүн санынан көз каранды болот.   Эгерде сиз топтун курамында жеке учак менен учуп жатсаңыз, коммерциялык лайнерлерди жүргүнчүлөргө толтурганга караганда, сиз  бары бир коопсуздукту текшерүүгө азыраак убакыт кетиресиз.  Ишениңиз, коопсуздукту текшерүү сыяктуу процесстен да,  эгерде ал аз түйшүк жана стресс менен өтүп жатса да канааттансаңыз болот.

Күтүүнүн кайталангыс, бай тажрыйбасы

Дүйнөнүн көпчүлүк ири аэропортторунда жеке учактардын жүргүнчүлөрү үчүн күтүү зоналары бар.  LAX (Лос-Анджелес, АКШ) сыяктуу аба булуңдарындагы ушул күтүү зоналары  жеке учактаучуу тажрыйбасы сыяктуу эле бай.

LAXаэропортунун терминалы жана лаунж зонасы  – эң жакшы мисал, анын бай жана ыңгайлуулугу жөнүндө Vanity Fair жана Forbesжурналдарында макала да жазылган. Эки басма тең  LAX аэропортунун терминалы жүргүнчүлөрдүн багажына чын ниеттен кам көрө тургандыгы, ал эми учуу алдындагы даярдык мажбурлоосуз жана стресстин эң аз деңгээли менен өтөөрү жөнүндө белгилешет.

Көпчүлүктөн качып кетүү мүмкүнчүлүгү

Сиз бош каттамын empty leg ижарага алууну чечсеңиз, анда ыңгайлуулук жана натыйжалуулук боюнча стандарттык   жеке учакты ижарага алуудан кем калышпайт. Жеке терминалга, күтүү зонасына, бардык кароолордон тездетилген темпте өтүү мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле айрым учурларда лимузин менен түз эле сизди күтүп жаткан учакка келип токтоо мүмкүнчүлүгүнө жеткиликтүүлүккө ээ болуу менен сиз көпчүлүк жүргүнчүлөр жек көргөн: жүргүнчүлөрдүн ушундай эле көпчүлүгүнөн качып кетесиз.  Бул өзгөчө майрам күндөрү жана жогорку туристтик активдүүлүктүн мезгилинде, эл аралык аэропорттор өзгөчө жүктөлгөн учурларда өзгөчө баалуу.

Башка жүргүнчүлөр жок

Көпчүлүк убакта, коммерциялык  авиалайнердин бортунда учуу – бул аягы жок стресстей болуп сезилет: дайыма жакын жерде бала ыйлайт, байкелер жана эжелер талашат жана урушушат, сиздин жаныңызда кимдир-бирөө телефон менен катуу сүйлөшөт же жаныңыздагы адам менен кол койгучту талашасыз.  Бош  каттамды empty leg ижарага алсаңыз, эгерде өзүнүз гана бортко бүтүндөй компанияны чакырбасаңыз эле, сиздин жаныңызда тынчыңызды ала турган жүргүнчүлөр болбойт. Узак түнкү учууларда бул чындык толук кандуу эс алууну туруктуу баш аламандыктан бөлүп туруучу чек болушу мүмкүн.

Бизнес үчүн эң сонун ылайык келет.

Кайтуучу каттамда кесиптештердин тобу менен учуп жатасызбы? Тынтчтык, жалгыздык жана жымжырттык сизге абада иштөөнү улантууга өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берет.  Асманда сиз каалагандай убакыт өткөрүңүз – тар, ыңгайсыз креслодо иштеп жөн эле убакытты кетирбестен,  жолугушууну уюштуруңуз, эс алыңыз, тамактаныңыз, уйкуңузду кандырыңыз, медитация кылыңыз.

Ошондой эле заманбап  жеке учактардын көпчүлүгүндө  акысыз Wi-Fi, телефон жана байланыштын башка түрлөрү бар экендигин унутпаңыз. Эгерде сизге документтер менен ишти бүтүрүү өтө зарыл болсо, жолугушууну жагымдуу өткөрүү үчүн, сиз аны иш жүзүнө кантип ашырууга башыңызды оорутпаңыз.

Жогорулатылган жайлуулук

Жайлуулук – коммерциялык каттамдардын салыштырмалуу арзандыгынан баш тартып empty leg ижарага алуунун негизги себептеринин бири. Жеке учактардын көпчүлүк түрлөрүнүн жана өлчөмдөрүнүн жайлуу креслолору, бутту койгонго орун көп, отуруучу орундун жөлөнгүчүн бир аз же толугу менен артка жылдыруу мүмкүнчүлүгү, кенен сантүйүндөрү, бүт тулку бой менен түзөлгөнгө жана бир аз салондо жүрүп бутту сунганга жетиштүү орундары бар. Андан башка, кээде бортто чайынма кабиналар же сауналар (албетте аба унаасына жараша) бар.

Эгерде, коммерциялык авиакаттам менен учуп, сиз учактык траптан чарчап, уйкуңуз канбай жана бутуңуздун чымыраган булчуңдары менен түшсөңүз, ал эми empty legs менен учкандан кийин сиз өзүңүздү эс алгандай, ккөздөгөн жериңизде күтүп жаткандардын бардыгына даяр экениңизди сезесиз.

Падышалардай жашоо (жана учуу)!

Жана empty legs ижарага алуунун акыркы, бирок ошол эле убакта,  эң маанилүү себептеринин бири: сиз буга татыктуусуз! Жеке учактын  бортунда учуу ыракаты– байлыктын жана жыргалчылыктын чокусу! Сиз аэропортко келген убактан тартып, учуу командасынын мүчөлөрү сизге кам көрүүнү өзүнө алат. Алар багажды жеткиргенге жардам берип, лайнердин бортуна кайсы жерден жана  качан көтөрүлөөрүңүздү билүүңузгө, сиз ыңгайлуу орун алганыңызга ынанышат, ал эми айрым учурларда кошумча кызматтар менен камсыз кылышат.

Сиз жеке учактын бортунда болгондо, сиз ааламдын борбору болуп каласыз. Шампан жана гурман тамактардан ырахат алыңыз, иллюминатордон жайылып отуруп булуттарды караңыз, чырым эткенге аракет кылыңыз, жакшы көргөн фильмдериңизди көрүңүз же жөн гана ыңгайлуу жана жайлуу жагдай менен ыракаттаныңыз. Учууга үй жаныбарлары же кичинекей балдар менен жөнөөгө пландаштырып жатасызбы? Учуп бараткан убакта көпчүлүк чартердик далдалчылардын башкаруусунда аларды алектендире турган каражаттары бар.

Келечекте жеке учактынжүргүнчүсү болоордо, сиз атаандашсыз кызматты, кам көрүүнү жана жогорку класстагы тейлөөнү сезесиз. Сыйлыктык чартердик каттамдар жайлуу жана стресстин эң аз деңгээли менен жеке учууларга мүмкүндүк берет, ошол эле учурда empty leg сыяктуу каттамдар айтылган бонустардын көп бөлүгүн сактап калат жана сапарларды бир топ үнөмдүү кылат. Жеке учактынбортунда дүйнө жүзү боюнча саякаттап, өзүңүз үчүн эң мыктыны гана тандаңыз.

 

Шошина Ольга